№31 абактын дарыгери Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Сүрөт

Тиш дарыгери тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи ирет жеңүүчү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. №31 абактын кызматкери, лейтенант Никита Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.
№31 абактын кызматкери, лейтенант Никита Цой тайбокс боюнча дүйнө чемпиону болду
Беттеш Бангкок шаарында өткөн. Муну менен спортчу тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи ирет жеңүүчү болду.
ЖАК жалпы мемекенин жамааты Цой менен сыймыктанып келерин белгиледи. Ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүү абагында тиш дарыгери.
27 жаштагы Никита дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган, анын атасы дагы Жаза аткаруу тутумунда медицина кызматкери. Беттештерге машыктыруучу Сыргак Айталиев даярдап келет.
Кыргызстандык 26 балбан күрөш боюнча Астанадагы Азия чемпионатына катышат