БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украина куралдын жетишсиздигинен улам азырынча контрчабуул жасай албайт. Бул тууралуу Владимир Зеленский япон гезитине берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
“Биз азырынча баштай албайбыз. Эр жүрөк жоокерлерибизди фронтко танкасыз, артиллериясыз жана HIMARS (залптык от реактивдүү системасы — ред.) болбосо жибере албайбыз”, — деген президент.
Зеленский ошондой эле Украина “учурда өнөктөштөрдөн курал-жарак беришин күтүп жатканын” белгилеп, өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды “жагымсыз” деп атады.
Маекте Украинага курал-жарак жеткирилиши боюнча билдирип жатып, Зеленский “саясий эрк болсо, анда колдоо көрсөтүлөрүн”, бирок Киев “куралдуу кагылышууда экенин жана күтө албастыгын” белгиледи.
Япон журналисти Зеленскийден интервьюну Херсондон Киевге бараткан поездде алган. Украин башчысы убактысынын көбүн өлкөгө, атап айтканда, Япониядан көбүрөөк жардам берүү өтүнүчүнө бөлгөн.
Буга чейин ДЭРдин башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин Батыш Киевди каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону актоо үчүн Украинаны контрчабуулга түртүп жатканын билдирген. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новости баш болгон россиялык алдыңкы ЖМКларга берген маегинде Киев чабуулдук операцияларга даярданып жатканын, Москва муну билерин жана Башкы штаб жооп иретинде өз чечимдерин даярдап жатканын айткан.
Ошол эле учурда ДЭРдин башчысынын милдетин аткаруучунун кеңешчиси Ян Гагин республикадагы украин аскерлеринин саны азырынча аларга контрчабуулга өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айткан. Америкалык адистер Foreign Affairs гезитиндеги макаласында Киев чабуулга даярданып жатканы менен адамдык жана материалдык жоготуулар аны артка тартышы мүмкүн экендигин билдиришкен.