Ысык-Көлдө жамгыр жаайбы? Келе жаткан жумага карата аба ырайы

Абанын күндүзгү температурасы 18 градуска дейре көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Ысык-Көл облусунда кандай аба ырайы болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, облуста аптанын башынан аягына чейин жаан жаабай, асман ачык болот.
Дыйканчылык аймактарда абанын күндүзгү температурасы 18 градуска дейре көтөрүлөт.
Боомдо бүгүн кайрадан өрт чыкты. Видео