Ошто 27 градуска чейин жылыйт. Келе жаткан жумага карата аба ырайы

Ош шаарында жолдо алма саткан адам. Архив
Апта ичинде 31-мартта гана күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, басылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы боюнча божомолун таратты.
Облустун аймагында 26-30-март күндөрү жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
31-мартта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолорго кар жаайт. Бирок кайра 1-апрелде күн ачылат.
Ош шаарында дагы ушундай эле аба ырайы күтүлөт. Алдыдагы аптада күндүн табы 27 градуска чейин көтөрүлөрү маалым болду.
Кыргыз Республикасында Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу. Архив
Декларация тапшырууга бир жума калды. Салык кызматынын эскертүүсү