Кыргызстан менен БУУ биргелешкен пландарга 223 млн. доллар сарптайт

Аталган суммадан БУУ системасы Кыргызстанга 140 миллион долларды бөлүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен БУУнун 2023-2024-жылдарга карата биргелешкен пландарын ишке ашыруу 223 миллион долларга бааланганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Бул сумманын ичинен БУУ системасы 140 миллион долларды бөлүп берген. Уюм Кыргызстан менен төрт маанилүү стратегиялык багытта кызматташат:
сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү;
жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү;
климаттык аракеттер жана кырсык тобокелдиктерин башкаруу;
2030-жылга чейинки күн тартибине ылайык мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, гендердик теңчилик жана ак ниет башкаруу.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жана БУУнун Стратегиялык координациялык комитетинин биринчи отурумуна катышты.

"Министрлер кабинети ата мекендик экономиканын өсүү темпи боюнча алдыга амбициялуу, бирок чындап ишке ашыра ала тургандай максаттарды коюп жатат. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107 пайыз", — деди Жапаров.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве кызматташтыктын жаңы беш жылдык алкагы БУУну реформалоо процессиндеги маанилүү кадам болуп санала тургандыгын, анда улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктарына жана 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартибине жетишүү үчүн кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен өнөктөштүккө өзгөчө басым жасаларын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарынын программасын бекитүү чечими кабыл алынды.
Кыргызстандык кыздар кайсы багыттарда билим алат? Статистика