БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын аскердик операция Россиядагы кээ бир көйгөйлөрдү ачыктады. Бул туурасында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев россиялык ЖМКларга берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Белгилүү бир институттар атайын аскердик операцияга толук кандуу даяр эместигин көрсөттү. Балким бюрократия дагы толук түрдө даяр болгон эместир. Буга технологиялык иштерди дагы кошсок болот", — деди Медведев.
Ошондой эле ал аскер комиссариаттарынын ишиндеги көйгөйлөрдү дагы өзүнчө белгилеген.
"Көптөн бери аскер комиссариаттары менен иштер жүргөн эмес. Азыркы учурда аларды табына келтирүүгө убакыт келди. Жакында эле Петербургга барып аскер комиссариаттарын санариптештирүү кандай жүрүп жатканын көрдүм. Ал жакта көп иштер жасалууда. Бул баары үчүн, анын ичинде аскерге чакырылгандар, келишим менен кызмат өтөгөндөр үчүн да ыңгайлуу болот деп ишенем", — деди Медведев.
Деген менен саясатчы жалпысынан алганда мамлекет соңку жылдары күчтөнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындай иштер өлкөнүн өнүгүшүнө, өзүн көрсөтүүгө жана аймактык бүтүндүгүн сактоого өбөлгө болот.
"Чынында кандайдыр бир көйгөйдү тез арада чечүүгө болот, кээ бир учурда мүмкүн эмес. Жашоо ушундай", — деди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Россия 24-февралда баштаган Украинадагы атайын операциясын улантып келет. Максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин кордугуна, кыргынына дуушар болгон" Донбасстын элин коргоо зарылдыгы деп белгиленген. РФ президентинин айтымында, бул үчүн "Украинада денацификациялоо жана демилитаризация жүргүзүп", аскер кылмышкерлеринин баарын сот жообуна тартуу керек.
Күзүндө Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары кирген.