Президент Кытайда табылган архивдик материалды которууга 13 млн. сом бөлөт

Анда кыргыз эли б.з.ч. X кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров тарыхый, архивдик материалдарды байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кийин кыргыз тилине которуу үчүн президенттик фонддон 13 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анда белгиленгендей, 2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык материалдар табылгандыгын билдирген. Кытай тарыхчысы Ю Тайшань эмгектеринде кыргыз эли б.з.ч. X кылымдарда эле кездешкендигин, мамлекет кургандыгын, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендигин жазган.

"Ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган. Мындан улам "Мурас" фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди котортууга жардам берүүнү өтүнүп президент Садыр Жапаровго кайрылган", — деп жазылат Султанбаевдин маалыматында.

Ал жакын арада каражат "Мурас" фондунун эсебине которуларын кошумчалады.
Буга чейин интернетке Молдокасымовдун "президент убадалаган акча колума тие элек, буга байланыштуу багымды сатып, тарыхка жумшайм" деген темадагы маеги жарыяланган.
Радио
Мамлекеттик архивде 4 түрдүү документ сакталат. Тизме