Самбо боюнча улуттук команда Россияда өтө турчу дүйнө кубогуна катышат

Мелдеш 27-мартка чейин Москва шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Россияда өтө турган "Самбонун негиздөөчүлөрүнө арналган кубокко" катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган дүйнөлүк кубок Москва шаарында бүгүн, 24-мартта башталып, 27сине чейин уланат.
Улуттук команданын спорттук самбо боюнча тизмеси:
Кайрат Жусуп уулу – 58 кг;
Кимал Оболбеков – 58 кг;
Белек Бараканов – 64 кг;
Али Сагындыков – 64 кг;
Эламан Касымбаев – 71 кг;
Жандос Эсенгазиев – 71 кг;
Феликс Уланбеков – 79 кг;
Акунаалы Бейшенаалы уулу – 79 кг;
Жамалбек Асылбек уулу – 88 кг;
Шахриер Идрисов – 98 кг;
Сыймык Жапаров – 98+ кг.
Күжүрмөн самбо:
Мурзабек Үсөн уулу – 58 кг;
Даниэль Асеков – 58 кг;
Саяк Бакраканов – 64 кг;
Баэль Эргешалиев – 71 кг;
Замир Калмурзаев – 71 кг;
Абдувахаб Абдуллаев – 79 кг;
Бектур Идирисов – 88 кг;
Сыргак Арстанбек уулу – 88 кг;
Бекназар Жээмырзаев – 98 кг;
Таласбек Нуралиев – 98+ кг.
Кыз-келиндер:
Канышай Аманкулова – 50 кг;
Аида Асанбекова - 59 кг;
Эльза Абдыкадырова – 59 кг;
Мираида Медет кызы – 65 кг.
Башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Илгиз Каналбек уулу, машыктыруучу Андрей Тупик.
Самбо боюнча эл аралык "Анатолий Харлампиев мемориалы" атындагы турнири 1980-жылы негизделген. 2022-жылдан бери турнир "Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу" деп аталып келет. Алар — Анатолий Харлампиев, Василий Ощепков жана Виктор Спиридонов.
Бишкекте таэквондо боюнча 1500 спортчу катышкан дүйнө чемпионаты өтөт