Таласта Тоо театрлары фестивалы экинчи ирет өтөт

Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар номинациялар тапшырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы жана Талас облустук музыкалык драма театрынын түзүлгөнүнүн 15 жылдык мааракелерине арналган II Тоо театрлары фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган иш-чара 15-19-май күндөрү Талас шаарында уюштурулат.
Фестиваль элеттик көрүүчүлөрдү аймактардагы театр искусствосу менен тааныштыруу жана сахна майданында маданий алака түзүүгө багытталган. Ошондой эле тоолуу аймактардагы театрлар арасында өз ара чыгармачылык ишмердүүлүктү байланыштыруу, чыңдоо жана өркүндөтүү максатын көздөйт.
Ага өлкөнүн элет жериндеги профессионал театрлары катышып, акыркы эки жылда сахналаштырылган, буга чейин фестивалдарга катыша элек спектаклдер калыстар тобуна сунушталат. Казакстандын Жамбыл облустук музыкалык драма театры конок катары чакырылган.
II Тоо театрлары фестивалында төмөнкүдөй номинациялар тапшырылат:
Мыкты режиссура;
Мыкты сценография;
Мыкты музыкалык жасалгалоо;
Эркектердин образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Эркектин экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Аялдын экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн;
Эң жакшы дебют үчүн;
Көрүүчүлөрдүн симпатиясы;
Калыстар тобунун атайын сыйлыгы.
Радио
Бишкекте болочок журналисттерге арналган "Жоогазын" фестивалы өтөт