БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жаныбарлар жөнүндө жазган "КОТ" онлайн-ЖМКсынын шеф-редактору Виктория Диптан соцтармакта өзүнүн видеоканалын иштетүүнү каалагандар үчүн кеп-кеңешин берди.
Ал SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда мастер-класс өткөрдү.
Адиске күндүн кайсы убагында видеону жүктөгөн натыйжалуу болору тууралуу суроо узатылды.
"Мисалы, сиз аудиториясы жок башталгыч контентмейкер болсоңуз иш башталганга чейинки, түштөнүү учурун жана иш аяктаган кезди колдонсоңуз болот. Башкача айтканда, бир күндө үч пост чыгарам десеңиз аны эртең менен саат 8де, түшкү 1де жана кечки 7де жарыялаганыңыз жакшы", — деди Диптан.
Ал ошондой эле адамдардан кайсы учурда видео көрөрүн билүү үчүн "Аналитика" бөлүмүн кароого чакырды. Мисалы, көпчүлүк кечинде көрсө анда ошол учурда эки видео чыгарыш керек (мисалы, саат 18:00дө жана 20:00дө). Эртең менен бирди берип коюу жетиштүү. Күндүз эч нерсе чыгарбай деле койсо болот.
"Кайсы гана соцтармак болбосун биздин сүйүктүү бөлүмүбүз — бул "Аналитика" болушу керек. Анда адамдардын жынысы, геолокация жана көрүү убактысы да бар. Идеалдуу схема жок. Эгер сиз үй кожойкелери үчүн контент жасасаңыз ал күндүз деле көрүлө бериши мүмкүн. Эгер бизнес контент болсо видео эртең менен эрте же кечинде жакшы көрүлөт. Бардыгы тематикадан көз каранды. Ошондуктан байкоо жана ката кетирүү методу менен иштей беребиз", — деди эксперт.
Ал ошондой эле "Аналитика" бөлүмүн тез-тез карап туруу керектигин, себеби адамдардын каалоосу бат өзгөрөрүн белгиледи. Жыл мезгилин дагы эске алуу керек. Мисалы, жайында аудитория видеону азыраак көрөт.