БИШКЕК, 23-мар.—Sputnik. Россия Федерациясы жасалган тышкы басымдардан кийин алсырап калган жок, бийлик ыңгайлашып, калыбына келүү мезгили 2024-жылы аяктайт деп эсептейт. Бул тууралуу РФтин министрлер кабинетинин башчысы Михаил Мишустин Мамдумага өкмөттүн былтыркы иши боюнча берген отчёту учурунда айтты.
"Чындыкка тике карасак, Россия тышкы басымдардан кийин алсырап калбайт. Адаптация 2024-жылы бүтүп, аягына чыгат деп жатабыз. Россия узак мөөнөттүү өнүгүү жолуна түшөт", — деген ал отчёт берип жатып.
Бул тууралуу экономист Игорь Качалов Sputnik радиосуна курган маегинде Россияга салынган санкциялардын арты менен өлкөдө экономиканын жаңы багыты пайда болгонун билдирген эле.
"Санкциялар жакынкы келечекте Россиянын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Бир сөз менен айтканда, диверсификация болот", — деген эксперт.