Кыргызстандагы мектептерде санарип гигиена, санарип этика тууралуу маалымат берген программалар жок. Бул тууралуу Халил Ибрагим Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-эне балдары менен баарлашып, интернеттеги достору жөнүндө сурап, интернеттин терс жактары тууралуу түшүндүрүп берүүсү абдан маанилүү.
"Учурда интернетсиз жашоо жок. Баланы интернетти колдонуусуна тыюу салбастан аны туура пайдаланууну үйрөтүү зарыл. Интернетте балага терс таасир эткен контенттер бар. Алсак, баңгизаттардын жарнамасы, диний-экстремисттик, суициддик топтор жана ар кандай секталар жетиштүү. Айрым учурда ата-энелер чектен чыгып, балдарды бардык заманбап гаджеттерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышат же баланы алардын терс таасирине дуушар болбошу үчүн кылдат көзөмөлгө алышат. Бул баланын өнүгүүсүн артта калтырат. Балансты сактоо керек деп айтат элем. Баланы көзөмөлдөөдө алардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу маанилүү. Мисалы, башталгыч класстагы балдарды керексиз маалыматтардан коргоо зарыл. Керексиз сайттарга кирүүнү чектөө үчүн браузерди конфигурациялоо маанилүү. Ата-энелик көзөмөл функциясы менен жогорку сапаттагы антивирус программасын орнотсо болот. Жогорку класстагы балдарга дагы көз салуу керек. Бирок өспүрүмдөрдүн иш-аракеттерин өтө эле чектей берүү ата-энеси, чоӊдор менен болгон мамилесине таасир этиши мүмкүн. Бул куракта баланын ишенимин жоготпоо абдан маанилүү. Учурда Кыргызстандагы мектептерде санарип гигиена, санарип этика тууралуу маалымат берген программалар жок. Андыктан ата-эне балага өзү маалымат бергенге аракет кылганы оӊ", — деди Халил Ибрагим.
Ал интернет колдонуунун, оюн ойноонун убактарын так белгилеп, бала менен талкуулап алганы жакшы экенин кошумчалады.