10 батир. "Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду жарыяланды

"Салык чек" тиркемесине чектерди 23-марттан тарта каттата баштасаңыз болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Салык кызматынын "Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлүп, анын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Биринчи лотерея 1-июль күнү болуп, анда 500 даана Xiaomi 11T смартфону, 150 даана ноутбук, 20 даана Дайсон стайлери, 500 даана iPhone, үч даана жолдомо (Дубайга, эки кишилик) жана 10 автоунаа байге катары коюлат.
30-декабрда өтө турган экинчи оюнга дагы 500 даана Xiaomi 11T смартфону, 150 даана ноутбук, 20 даана Дайсон стайлери, 500 даана iPhone, үч даана жолдомо (Дубайга, эки кишилик) жана 10 автоунаа каралган. Бирок мында баш байге — 10 батир.
Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
"Салык чек" тиркемесине чектерди 23-марттан тарта каттата баштасаңыз болот.
Радио
Казынага салык эки себептен улам көбүрөөк түшө баштаганы айтылды