"ЧВК Рёдан" кыймылы. Бишкектин мэриясы ата-энелерге кайрылуу жасады

Милиция мектептерде эреже бузууга жол бербөө жөнүндө лекцияларды өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы өспүрүмдөр арасында жаңжал жараткан "ЧВК Рёдан" кыймылы тууралуу маалымат тарап жаткандыгына байланыштуу ата-энелерди балдарына мектептен тышкаркы убакта көз салууга чакырды.
Окуу жылынын төртүнчү чейрегинде милиция мектептерде эреже бузууга жол бербөө жөнүндө лекцияларды өтөт. Мэрия зарыл учурда телефонго ата-эне көзөмөлү боюнча мобилдик тиркемени көчүрүп алууну сунуштайт.
"ЧВК Рёдан" — бул 14-16 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы аниме сүйүүчүлөрү. Алардын кийиминде 4 саны жазылган жөргөмүштүн сүрөтү болот. Буга чейин Россиянын бир нече шаарында жана башка мамлекеттерде өспүрүмдөрдүн массалык мушташы чыккан. Ага ушул кыймылдын мүчөлөрүнүн катыштыгы бар.
Майыптыгы бар балдарды кадимки мектепте окутуу керек. Маек