Радио

Ош, Нарын жана Чүйдүн тургундарына акысыз юридикалык көмөк көрсөтүлүүдө

Юстиция министрлигинин квалификациялуу юридикалык жардам секторунун башчысы Нурбек Сальпиев 2015-жылы министрлик тарабынан "Тилектештик автобусу" аталышындагы долбоор түзүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
Ош, Нарын жана Чүй облусунун тургундарына акысыз юридикалык көмөк көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Нурбек Сальпиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактарды бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган "тилектештик автобусу" кыдырууда.

"Калктын укутук сабаттуулугун жогорулатуу, жарандарга акысыз юридикалык көмөк көрсөтүү максатында "Тилектештик автобусу" долбоору иштелип чыккан. Анын алкагында жарандар социалдык камсыздандыруу, пенсия, жөлөк пул, алимент, документтерди калыбына келтирүү, транспортту каттоо, эмгек талаштары сыяктуу юридикалык маселелер менен кайрылып, консультация алышууда. Эгер муктаждык жарала турган болсо, акысыз адвокат менен камсыздоо дагы каралган. Ал үчүн кайрылган жарандын шарты мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга туура келиши зарыл. Тактап айтканда, 12 айдагы кирешеси белгиленген суммадан ашпаган учурда, кылмышка шектелип кармалгандарга, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектелгендерге, 1-2-топтогу майыптарга, психикалык оорудан жабыркагандарга, ардагерлерге жана зомбулуктан жабыр тарткандарга адвокат берилет", — деди Сальпиев.

Ошондой эле ал юридикалык-консультациялык жардамды бардык жарандар акысыз ала турганын кошумчалады.