Акылбек Жапаров аткаминерлерге дыйкандардын көйгөйлөрүн тез чечүүнү тапшырды

Өкмөт башчы чет элдеги инновациялык тажрыйбаларды колдонуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Элдин мүдөөсүнө кайдыгер карабагыла, алардын көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө бардык күч-аракетиңерди жумшагыла. Калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдоого даярбыз. Болгону талыкпай иштешибиз керек", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы чет элдеги инновациялык тажрыйбаларды колдонуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.
"Өзбекстанда айыл чарбанын ар бир тармагы үчүн бүтүндөй кластер аныкталган. Биз агрардык республика катары кластердик системага максималдуу көңүл бурушубуз керек. Суу менен сугаруу планы, себүү планы, аймактын электрондук картасы – бул инновациялар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мол түшүм алууга жардам берет", — деди ал.
Жапаров селектордук кеңешмеге даярданууда аймактардагы жетекчилерде биринчи кезекте колдогу айдоо жерлер, ирригациялык системалар жана башка керектүү мүнөздөмөлөрдү көрсөткөн аймактын электрондук картасы болушу керектигин белгиледи.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров азыркы учурга карата 10 миң 566 гектардан ашуун жер айдалып, Айыл чарба министрлиги аркылуу 1997 тонна үрөн дыйкандарга таратылганын билдирди.
Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облуста жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатканын айтты.
"Жаздык буудай себүү 40 пайызга, арпа 44 пайызга, картошка 13 пайызга, жашылча 5 пайызга аткарылып, иш уланууда. Дыйкандар бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган", — деди ал.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жыйындын катышуучуларына 616 миң жер санарипке өтүп, ар бир облустук администрацияга электрондук түрдө өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Ошондой эле сугат иштерине 1 млрд. куб метрден ашуун суу сарпталганын айтты.
Радио
Быйыл 1,5 млрд. сомго техника лизингге берүү пландалууда