Жердин силкингенин тоготпогон диктор. Пакистанда тартылган видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Пакистандын Mashriq News телеканалынын алып баруучусуна түз эфир маалында жер титирөө тоскоол болгон эмес. Бул тууралуу Russia Today жазды.
Интернетте силкинүүгө карабай берүүнү уланткан диктордун видеосу тарап жатат. Анын артында отурган монтажер да кебелген эмес.
Эскерте кетсек, Афганстанда магнитудасы 6,4кө жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Пакистан менен Индияда, Кыргызстанда жана башка Борбор Азия мамлекеттеринде сезилген.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан Афганстанда эки, Пакистанда тогуз адам каза болду.
Жер титирөөдөн Афганстанда 9 адам каза болду, Кыргызстанда жабыркагандар жок