Милиционерлер калкалаганбы? Жалал-Абадда жашыруун иштеген казино аныкталды

Компьютерлердин баары конфискацияланган. Кармалган кардарлардын баары кийинчерээк коё берилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда жашыруун иштеген казиного бөгөт коюлганын УКМК билдирди.
Кумар оюндары өткөрүлгөн жайлар компьютердик клуб катары иштеп келген. Алардын Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда жайгашканы айтылды.
1 / 3

Жалал-Абад облусунда жашыруун иштеген казиного бөгөт коюлганын УКМК билдирди

2 / 3

Кумар оюндары өткөрүлгөн жайлар компьютердик клуб катары иштеп келген

3 / 3

Алардын Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда жайгашканы айтылды

17-март күнү казинону уюштургандар менен администраторлору кармалган. УКМК алардын ар биринде акчанын айлануусу ай ичинде 1 миллион сомдон ашып турганын кабарлады. Кассада 200 миң сомдон ашуун акча болгон.
Оюн автоматтары сунушталган 40тай компьютер конфискацияланды. Тактоо иштери үчүн 30 кардар кармалып, бир аз убакыттан соң алар коё берилген.
УКМК аталган жайларды айрым милиционерлер калкалап келген деп шектенүүдө.
Кыргызстанда 4 букмекердик контора катталып, 42 млн. сом түштү