Эки лидер акыркы жолу сентябрда Самаркандда (Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитинин алкагында) жолуккан эле. Телефон аркылуу маал-маалы менен сүйлөшүп турганы менен бетме-бет жолугуп, аңгемелешкендей болбостур.
Путин менен Си Цзиньпин эмне тууралуу талкуулашты? Дал ушул собол Батыштагылардын да, Россиядагылардын да бүйүрүн кызытты. Айрымдар тарыхый жолугушуу деп аташса, башкалары ири окуялардын башатын күтүштү. Атап айтканда, бул жолугушууда Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө Россия менен Кытайдын биргелешкен сунушу жаңырып, Кытайдын ортомчулугу алдында Москва менен Киевдин сүйлөшүүсү башталат же Россияны Кытай куралдары менен жабдуу тууралуу жар салынат деген божомолдор болгон.
Бирок андай жоромолдордун эч бири туура чыккан жок. Анткен менен эки лидердин эч кандай сенсациясыз кезигиши россиялык-кытайлык мамилелердин мындан ары да бекемделеринин белгиси. Путин айтмакчы, бул "глобалдык туруктуулуктун негизги идеясы" болду. Анткени Путин менен Си Украинадагы жаңжал Россия менен Батыштын түз тирешине алып келе электе эле эки өлкө алакаларын чыңдоого багыт алган.
Мамилелер 90-жылдардын башында Цзян Цзэминдин тушунда башталып, андан кийин тактыга келген Си Ху Цзиньтаонун убагында да уланган. Бирок ал жылдары Москва менен Пекин бири-бирине канчалык керек экенин, качандыр бир атлантикалык гегемонго биргеликте каршы турууга туура келерин сезбесе керек...
Адегенде андай абалга Россия кабылды, Путиндин Мюнхендеги сөзү Батышты туталантты. Ошондон үч жыл өтпөй Кытай "Эки үлкөн" жөнүндөгү америкалык сунушту четке какты. Себеби анын изги ниети Кытайдын өнүгүшүнө бөгөт коюу экени туюлган.
2010-жылдардын башында Россия менен Кытайга кызматташтык масштабын аныктоого туура келди. Аны жаңы, кыйла жогорку деңгээлге чыгаруу ошол учурдун талабы эле. Бирок ошол кезде эки өлкөдөгү тең ички кырдаал буга өбөлгө боло алган эмес. Путин өкмөттү гана жетектеп, Кремлге кайта элек кези, ал эми Кытай лидерин алмаштыруу алдында турган.
Ошентип 2012-жылы гана абал аныкталгандай болгон. Путин кайрадан РФтин президенти болуп шайланып, Си да Кытайдын Коммунисттик партиясын жетектеп калган. 2013-жылдын жазында ал Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп, Москвага болгон алгачкы сапарында эле "Эки үлкөн" түптөлгөндөй болгон. Андан бери эки тарап баш-аягы кырк ирет кезигишти. Ошондо эле Си менен Путин бири-бирине ишене аларын, мамиле убакыт менен чектелбей турганын аңдашкан. Демек, эки тараптуу алакаларда да, дүйнөлүк аренада да узак жылдар бою бирге иштешүүгө болорун түшүнүшкөн.
Лидерлердин жеке ишенимдери өлкөлөрдүн мамилесинин маанилүү факторлорунан. Ал болбосо Хрущев менен Маонун тажрыйбасы көрсөткөндөй, эң бекем, өз ара пайдалуу союздар да бузулуп калышы ыктымал.
Кытай менен Россиянын менталитет жана маданиятынын айырмачылыгынан улам Путин менен Сиге кытмыр саясат жүргүзүштүн кажети жок, алар ачык, түз сүйлөшө алышат. Мурда эки өлкөнүн жакындашуусуна лидерлердин жеке мамилесиндеги эмес, элита жана бийликтерин баалоодогу ишенбестиктин элементтери жолтоо болуп келген. Андай абал эки тараптын орток каршылашынын шыкагы, эки мамлекеттеги батышчыл күчтөрдүн аракеттери менен да улам күчөтүлүп отурган. Маселен, Пекиндегилер Кошмо Штаттарга Трамптын келиши менен "Москва Украинанын айынан жаралган тирешти токтотуу жөнүндө Вашингтон менен сүйлөшүп алып, Кытай үчүн ынанымдуу пикирлеш, тыл болуунун ордуна бейтарап байкоочу, а балким касташкан тарапка айланып кетсечи?" – дегендей чочулашкан. Батыштагылар "Путин бийликтен кеткенден кийин өлкө толугу менен өзгөрөбү?" – деген теманы кайра-кайра көтөрүп чыгышкан.
Россиядагы 2020-жылы өткөн конституциялык реформадан кийин мындай белгисиздиктер айкындалып, Путин менен Си гана эмес, эки өлкөнүн бийлиги да керексиз санааларга алдырбай турган болушкан. Эки жакты кагыштырып, козутууга жасалган аракеттерге карабастан Путин менен Си көп полярдык дүйнө куруудагы өздөрүнүн "чоң казатын" токтотпой турганы ырас. Алардын жолун торой да алышпайт.