Ошто мас айдоочулар камалып, жети киши унаа айдоо укугунан ажыратылды

Жол эрежесин бузгандарга жазаларды катаалдаштыруу мыйзамы 8-мартта күчүнө кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ош облусунун аймагында жол инспекторлору 8-марттан 21ине чейин ичип алып автоунаа башкарып бараткан 43 айдоочуну кармады. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облустук сотунун чечиминин негизинде төрт айдоочу үч суткадан беш суткага чейин камакка алынган. Жети айдоочу бир жылдык мөөнөткө унаа айдоо укугунан ажыратылды. 11 айдоочу боюнча материал сотто каралууда. Ал эми 21 унаа ээсинин иши ЖКККБнын өндүрүшүндө турат, бүгүн, 22-март күнү, сотко жиберилери айтылды.
Жол эрежесин бузгандарга жазаларды катаалдаштыруу мыйзамы 8-мартта күчүнө кирген.
Мас болуп машина айдагандардын саны 39 пайызга азайды. ЖКККББнын маалыматы