БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нутрициолог Наталья Конюхова жаштыкты узартууга жардам берген азыктарды санап бергенин "Известия" жазды.
Адис таттуу ун азыктары, десерт, сүт азыктары жана жемиштер теринин клеткаларын бузуп, эрте картаюуга алып келерин эскертти.
Конюхованын айтымында, жашылча, татымал (пряность), калемпир жана козу карын картаюу процессин жайлатат.
Татымалдардын көбүндө майлардын зат алмашуусун жакшыртуучу розмарин кислотасы бар, бул жалпысынан эле арыктоого жардам берет. Мындан тышкары, антиоксиданттык жана сезгенүүгө каршы таасири бар.
Нутрициологдун айтымында, А витаминге бай кызыл түстөгү азыктар, мисалы, дарбыз, помидор, кызыл калемпир уулуу заттар менен шишиктерден арылууга жардам берип, териге жаркыраган өң берет.
Ошондой эле В витамини клеткалардын калыбына келишине көмөктөшүп, организмдеги зат алмашуу процесстерин тездетет. Ал жумуртканын сарысында, авокадо, спаржа, козу карын, кызылча жана бадамда болот.
Мындан сырткары, күнүмдүк рациондо белок болушу шарт. Ал этте, балыкта жана деңиз азыктарында бар.
Адис организмдеги айрым заттардын жетишсиздигин толтуруу үчүн темир, цинк, марганец жана магний алып ичсе болорун айтты. Алар коллагендин иштелип чыгышына жардам берет.