БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчы куттуктоосунда: кылымдарды карыткан, ар жылы көктөмдүн келишин утурлай майрамдалып келаткан Ноорузду белгилөө салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын кеңдигин, маданиятынын көөнөлүгүн жана руханий мураска ээ экендигин айгинелеп турарын белгилеген.
“Сиздерди жаратылыш жанданып, мезгил ырааты алмашып, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун белгиси болгон Нооруз элдик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Улустун улуу күнү атыккан бул майрам баарыбызды жаратмандыкка жетелеп, өсүп-өнүгүүгө күч-кубат тартуулайт. Тарых-таржымалы нечендеген кылымдардын түпкүрүнө алып бара турган жаңы жыл башаты – жалпы элдик майрам, өлкөнүн туруктуулугун, ынтымагын, элдердин достугун чыңдоого өбөлгө болгон улуу күн”, — деди президент.
Жапаровдун айтымында, Нооруз элибиздин бай маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске салат.
“Жаз чакырган жаркын майрамыбыз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бул бизге бейпил турмуштун, береке-куттун канчалык маанилүү экенинен кабар берет. “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” деген сөздүн мааниси так ушунда жатат. Сиздерди дагы бир жолу жаз жышааны – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм”, — деп куттуктады Жапаров.
Ошондой эле ал жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы бизге илгери үмүт болуп, күч-кубат беришин каалаган.