Салтка айланып калган көк бөрү боюнча республикалык турнир быйыл Бишкектеги “Аккула” ат майданында өтүп жатат
Эрендердин эр оюну жыл сайын Ноорузга карата өтөт. Оюнга төрт лигага бөлүнүп 35 команда катышты.
Өлкөнүн ар тарабынан келип таамай атуу боюнча жарышып жаткан жаачылар
Бутанын ичиндеги шакекчелерге тийген жебеге карап жаачыга баа берилет
Нооруздун эң башкы символу – сүмөлөк. Ак элечек апалар, жакшы ниет менен кайнатууга киришүүдө.
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда майрамдык иш-чара өттү
Салтанат жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды
Биринчи айым Айгүл Жапарованын майрамга элечек кийип келген образы көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Ноорузда Умай эне “жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын” деп арча түтөтүп, алас айтат
Ата-бабаларыбыз жаратылыш кубулуштарына да терең маани берген. Жер жибип, тоң эрип, мезгил ырааты алмашып, күн менен түн теңелип, жаратылыштын кайра жанданышын жыл башы катары так белгилеп келишкен.
Нооруздун тарых-таржымалы кылымдардын кыйырынан бери келип, көптөгөн элдер чыдамсыздык менен күтүп, достуктун, ынтымактын, биримдиктин белгиси катары майрамдалган
“Ала-Тоо” аянтындагы иш-чарага чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлдөрү дагы катышты
Кыргыз элинин үлпөт тойлору кандай өткөнү сахналаштырылып көрсөтүлдү
Келген конокторго түнү менен кайнатылган сүмөлөктөн ооз тийгизишти
Улуттук оюндардын бири – ордо. Эреже боюнча, томпой менен чийиндин ичиндеги чүкөлөрдү атып чыгарыш керек.
Салтанатта президент улуттук кийимчен жеткинчек кызды, биринчи айым баланы жетелеп эл астынан өттү
Президент Садыр Жапаров жубайы менен бирге аянтка орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып майрамдык сүмөлөктөн ооз тийди
Майрамга келген конокторго элечектин маани-маңызын айтып жана ал кантип оролорун көрсөтүп беришти
Бул күнү сүмөлөк сатып алууну кааласаңыз шаардын көп жеринен оңой эле таба аласыз