Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Лондон Киевге акталган уран кошулган снаряд ташыса кесепетин өзү тартат

Буга чейин Британиянын коргоо министринин орун басары ок-дары бере турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Улуу Британия Киевге акталган уран кошулган снаряд ташыса, кесепетин Лондон өзү тартат. Бул туурасында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубинге билдирди.

“Эгер чынында эле ушундай болуп калса, окуянын ушундай өнүгүшүнө таң калбайм. Бирок анын аягы өздөрү үчүн жаман болоруна күмөнүм жок”, — деди Лавров.

Буга чейин Британиянын коргоо министринин орун басары Аннабель Голди Лондон Украинага акталган уран кошулган ок-дары бере турганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчу боло албай турган өлкөлөрдү атады