Казакстан: Мажилиске шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Жыйынтык боюнча, Мажилисте алты партия мандатты бөлүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын Мажилисине кезексиз шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча алты партия шайланды.
Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги БШКнын төрагасы Нурлан Абдировго шилтеме берүү менен жазды.
Парламенттин төмөнкү палатасына жалпысынан жети партия ат салышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Шайлоочулардын 53,90 пайызы бийликтеги “Аманат” партиясына добуш берди;
10,90 пайыз — "Аул";
8,59 пайыз — Республика;
8,41 пайыз — "Ак жол";
6,80 пайыз — Казакстандын Элдик партиясы;
5,20 пайыз — Улуттук социал-демократиялык партия (ЖСДП);
2,30 пайыз — "Байтак";
3,90 пайыз — баарына каршы.
Ошентип эң аз добуш алган “Байтак” жашылдар партиясы Мажилиске өтпөй калды. Парламентке кирүү үчүн партия 5 пайыздан ашык добуш алышы керек.

Мажилиске канча депутат шайланат

Өткөн жылы Казакстандын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Мажилисте эми 98 депутат болот (мурда 107 депутат болгон). Алардын 69у партиялык тизме боюнча шайланган (шайлоочулар талапкерлер эмес, партияга добуш беришет), дагы 29у бир мандаттуу округдар боюнча (шайлоочулар конкреттүү талапкерлер үчүн добуш беришет).
Бишкек мэрин эл шайласын. Мыйзам долбоорун ЖКнын тармактык комитети колдоду