Казакстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комитети парламенттик шайлоого жети саясий партияны каттаган, анда жалпысынан 281 талапкер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстанда кезексиз парламенттик жана бардык деңгээлдеги маслихаттарды шайлоо өтүүдө. Sputnik Казакстан агенттиги жазгандай, бүгүн саат 07:00дөн тартып өлкө аймагында 10 миңден ашык шайлоо тилкелери ачылды.
Мындан тышкары, 62 чет өлкөдө 77 шайлоо участкалары иштеп жатат.
Буга чейин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган жети саясий партияны каттаган. Анда жалпысынан 281 талапкер бар. Парламентке 98 депутат шайланат.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да атуулдук милдетин аткарып, добуш берген.
ИИМдин административдик полиция комитетинин башчысы Кайсар Султанбаев шайлоонун жүрүшүндө азырынча эч кандай коомдук тартип бузуулар катталбаганын, өлкө аймагында абал туруктуу, тынч экендигин билдирди.
Си Цзиньпин Кытай төрагалыгына үчүнчү ирет шайланды