Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЕКтин экс-башчысы: Украинага куру убада берген батыш саясатчыларына нааразымын

Еврокомиссиянын мурунку жетекчиси Москва жана Пекин менен байланыш жанданышы керек деген пикирде, мындан тышкары, диалогго кызыкдарлыкты билдирүү зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Еврокомиссиянын мурунку жетекчиси Жан-Клод Юнкердин Украина азырынча Евробиримдикке кабыл алынбайт деген сөзүн Kurier гезити келтиргенин РИА Новости жазды.
"Көптөгөн саясатчылардын, айрыкча батыштагылардын Киевге Украинаны жакын арада Евробиримдикке кошуу жөнүндө берген этиятсыз убадасына нааразымын. Мен андай вариантты көргөн жокмун", — деген Юнкер.
Ал аталган өлкө ЕБге жаңжал токтоп, тийиштүү реформалар ишке ашкандан кийин гана кошулушу мүмкүн экенин эскертип, бул талаптар жакында аткарылары күмөн экенине токтолгон.
"Бирок кайсы бир мезгилде Украина Европа биримдигине мүчө болуп каларын четке какпайм", — деген саясатчы.
Еврокомиссиянын мурунку жетекчиси Москва жана Пекин менен байланыш жанданышы керек деген пикирде, мындан тышкары, диалогго кызыкдарлыкты билдирүү зарыл деп эсептейт.
Эскерте кетсек, Москва сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу айткан, бирок Киев режими ага мыйзам чегинде тыюу салган болчу. Мында Кремль тынчтык макулдашуусу Россия курамына жаңы кошулган аймактарды эске алуу менен түзүлүшү керек деген талап койгон.
ЖМК: Владимир Путиндин стратегиялык планы Батышты түпөйүл кылууда