Дарыгер кыргызстандыктардын жугуштуу эмес ооруларга кептеген үч адатын атады

Дарыгер ден соолука кам көрүүдө ар дайым кандагы канттын өлчөмүн жана кан басымды көзөмөлдөп туруу керектигине кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жугуштуу эмес оорулардан өлүмгө учураган адамдардын саны Кыргызстанда 70 пайыздан жогору. Бул тууралуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев "Биричи радиого" берген маегинде айтып берди.
Бул илдеттердин арасында биринчи орунда жүрөк-кан тамыр оорулары турат. Андан соң тизмеге өпкө, рак оорулары жана кант диабети кирет.
"Жогоруда аталган жугуштуу эмес оорулардын түрлөрү өлкөдөгү чоң көйгөй. Анткени кыргызстандыктарды өлүмгө кептеген илдеттердин сап башында ушулар турат", — деп билдирди Сооронбаев.
Дарыгердин айтымында, бул оорулардын пайда болушуна кыргызстандыктардын үч негизги терс адаты себепкер болот.
Биринчиси — тамеки чегүү. Статистика боюнча, кыргызстандык эркектердин 48 пайызы чылым чегет. Изилдөөлөргө таянсак, алардын жарымы жакынкы арада оор илдеттерге кабылып, өмүрү менен кош айтышы мүмкүн деген божомол бар. Адис чылым аны чеккен адамга гана эмес, жанында тургандарга да зыян экендигин эскертти.
Экинчи себеп — туура эмес тамактануу. Өлкөдө кан тамырды май басып кеткенден улам ар түрдүү ооруларга чалдыккандардын саны көп. Андыктан туура, холестеринсиз тамактануу керек.
Үчүнчү себеп — кыймыл-аракеттин аздыгы. Тилекке каршы, спорт менен машыгып, өз ден соолугуна кам көргөн кыргызстандыктар аз.
"Биз тамекини көп чегебиз, майлуу, туура эмес тамактанабыз, анан да кыймылдабай отура беребиз. Ошондон улам көптөгөн ооруларга дуушар болобуз", — деди дарыгер.
Бишкектик дарыгер балдар арасындагы аз кандуулуктун себептерин санап берди