"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына түрмөдө көп жыл дарыгер болуп иштеп, бирок кийин психологиялык жактан сокку алган аял кат жазган.
Саламатсыңар! Мен жаштыгымды абакта дарыгер болуп иштеп өткөрдүм. Азыр кыркка чыга элек курагымда пенсияга кетип калдым. Учурда такыр башка жумуштамын. Жумушум жөнөкөй тигүүчү болсо да ишимден ырахат алам. Себеби жайбаракат, кооптонбогон жашоо. Абакта ишим абдан оор болгондуктан психологиялык жактан кыйналган күндөр болду. Пенсияга чыгып кеткен кийин да ар кандай жаман түштөр кире берет. Аябай чарчаптырмын. Мага деле эч ким закым көрсөткөн жок, бирок ошол эркиндигинен ажыраган адамдардын тагдыры, маанайы, айрымдарынын терс кыялдары билинбей эле адамдын психологиясына таасирин бере берет экен. Ошонун айынан такыр жер которгум келип, сыртка чыгып да келдим. Бир жылдай чет мамлекетте жашадым. Башка өлкөнүн жарандыгын алууну да ойлодум. Бирок мекенимди жакшы көрөт экенмин. Мурдагы жумушумду унуткум келди. Анткени ошентип иштеп жүрө берип, мага жашоо ак менен карадан тургандай, башка өңдөр жок сыяктуу көрүнчү. Кыз-келиндер үчүн күч түзүмдөрүндө иштөө оңой эмес. Аялзаты чынында психологиялык жактан эркектерге тең келе албасын түшүндүм. Себеби биздин жүрөгүбүз назик. Ар бир нерсени өзүбүзгө жакын кабыл алат турбайбызбы. Жумушумду өзгөрткөндөн кийин, ишенесиңерби, жаңы төрөлгөндөй болдум. Бир жыл өтүп дем алган аба да мага башкача сезиле баштады. Карасам, балдарымды да катуу тартипте кармап келиптирмин. Өзүм да аялдык назиктикти унутуп, темирдей катуу болуп калыпмын. Эми жашоомдогу айрым көйгөйлөрдү анализдеп, себептерин таба баштадым. Мен аскердик кызматта дарыгер болуп иштеген жумушту жамандап жатканым жок. Болгону өзүмө ылайык эмес иште кыйналып, өзүмдү мажбурлап жүрүптүрмүн. Ал менин жашоомо, ден соолугума таасирин тийгизгенин кийин билип жатам. Айрым кесиптештер жакшынакай эле иштешет. Мүмкүн баарын жеңил кабыл алууга аракеттенеби? Билбейм.
Азыр жаман эмес, өзүмдүн аскердик чиним бар, пенсия чектеп, мамлекет камкордукка алды. Четте калтырган жок. Бирок жөнөкөй тигүүчүлүк жашоодон ырахаттанып жашайм деп ойлогон эмесмин. Азыр да өзгөргүм келип, жакшы китептерди окуп, кинолорду көрүп жатам. Жайдары аялдарга суктанам. Мен да бир кезде назик жан элем. Жаштыгымдагы тунук шыңгыраган күлкүмдү сагынам. Азыр баары жакшы болгону менен жашоонун бир бүктөмүндө башкача музыка ойноп, кара булут каптап турганы жүрөгүмдөн кетпейт. Ал - абактагы адамдардын тагдыры. Кээде мага көрүнгөн шылтоону айтып медициналык кароодон өтүү үчүн келген кылмышкерге карап туруп "ээ, кудай, ушул адамды да бир кезде мендей эне төрөгөн да, эч күнөөсү жок, сүттөй ак наристе болуп келген да. Анан эмнеге таш боор тагдыр ушул зынданга түшүүгө чейин алып барды экен" — деп ойлонуп кетем. Түштөн ойгонгондой, ал адамдардын тагдырынын баарын унутуп калгым келет. Башка адамдардай психологиялык жактан жай турмушта жашоону каалайм. Өзгөрө аламбы? Мүмкүнбү?
Психолог Гүлнара Жасоолова: Саламатсызбы?! Бул каттын ээси мурдагы иштеген жериндеги негативдүү окуяларга тасирленип калганын баяндап жатат. Ар бир жумушта психологиялык жактан чарчоо болот. Ал жугуштуу. Башкача айтканда башкаларга да таасирин тийгизет. Себеби айланадагы адамдар башынан өткөн окуяларын айтып баштаганда ал аң-сезимге сиңе баштайт. Бул дарыгер ар бир камалган адамдын тагдырын угуп, таржымалын билип, психологиялык абалын көрүп мээсине көчүрө берген. Өзүнүн оюн, максатын унутуп калып эле башка бирөөнүн жашоосуна кирип алып жашоону — чөгүп кетүү деп койсо болот. Мындай адамдардын абалын — эмоционалдык жактан күйүп кетүү деп да сүрөттөйбүз. Бул аялдын абалы да так ошондой учурду сүрөттөп жатат. Алаксып, башка жумушта иштеп, өзүн кайрадан таанып иштеп жатканы — абдан жакшы. Сиз чөгүп кеткен абалдан чыгып өзгөргүңүз келип жатат. Себеби өз жашооңузда эмес экениңизди түшүнүп жатасыз. Каалоо болсо, адам толугу менен өзгөрүлө алат. Ал үчүн алгач аң сезимди, көз карашты оңдоп, өзүнө керектүү баалуулуктарды аныктай алса сөзсүз өзгөрөт жана жашоосун башка өңүттөгү ийгиликтер коштойт. Психологго кайрылсаңыз сизге жардам берет.