БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик архивинен ак илбирстин сейрек кездешүүчү архивдик сүрөттөрү табылды. Алар ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) командасы тарабынан жарыяланды.
Сүрөттөр азыркы Кыргызстандын аймагында, өткөн кылымдын 30-70-жылдарында тартылган. Кээ бир сүрөттөр биринчи жолу жарыяланган.
"1933-жылдагы сүрөттө кыргызстандык мергенчи өзү кармаган илбирстин жанында турганын көрүүгө болот. Тилекке каршы, архивдик документтерде аны ким деген сүрөтчү тартканы жана тартылган жери так көрсөтүлгөн эмес. Мамлекеттик архивде ак илбирстин балдарын ветеринардык дарыгер Ю.И. Сударев 1970-жылы карап жаткан учуру (автору А. Клейменов), ошондой эле 1973-жылдагы илбирске аңчылык кылууну чагылдырган сүрөттөр (автору Е. Вильчинский) сакталып калган", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Советтер Союзунда ак илбирске аңчылык кылууга жыл бою уруксат берилип келген. Териси жогору бааланган. 1990-жылдары Союз тарагандан кийин шумкар, сайгактын мүйүздөрү, илбирстин териси жана башкаларды сатуу гүлдөгөн. Жаныбарларды мыйзамсыз кармоонун кесепетинен илбирстердин саны кескин азайып кеткен. Учурда Кызыл китепке кирген бул жаныбарлардан Кыргызстанда болжол менен 300дөйү калган.