Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Аксы, Апрель окуяларын эскерди. Сүрөт

Аксынын Боспиегиндеги адам өмүрүн алган трагедиядан бери 21, адам канын агызган Апрель окуясынан бери 13 жыл өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик бийлик бутактарынын башка жетекчилери Аксы, Апрель окуяларын эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик бийлик бутактарынын башка жетекчилери Аксы, Апрель окуяларын эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл койду

2 / 4

Аксыдагы алты адамдын өмүрүн алып кеткен саясий окуядан бери 21 жыл өттү

3 / 4

Ал эми Курманбек Бакиевдин бийлигин кетирип, өлкөгө адилеттүүлүк орнотуу үчүн чыккан толкундоодо атылган октон 87 адамдын өмүрү кыйылган 7-апрелдеги трагедияга 13 жыл болду

4 / 4

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышкан.

Аксыдагы алты адамдын өмүрүн алып кеткен саясий окуядан бери 21 жыл өттү. Ал эми Курманбек Бакиевдин бийлигин кетирип, өлкөгө адилеттүүлүк орнотуу үчүн чыккан толкундоодо атылган октон 87 адамдын өмүрү кыйылган 7-апрелдеги трагедияга 13 жыл болду. Аянтта ок жеп каза тапкандардан сырткары 36 адам алган жаракатынан улам көз жумган.
Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышкан.
Аксы окуясы кризисти эскерткен коңгуроо болгон. Садыр Жапаров элге кайрылды