Милиция кызматкеринин үстүнөн кантип даттанса болот? ИИМ номерлерин жарыялады

Туура жана так маалымат берген жарандарга сыйлык тапшырылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги милиционерлердин үстүнөн даттануу үчүн күнү-түнү иштей турган "Ыкчам байланыш" номерлерин жарыялады.
Эми жарандар милиция кызматкерлери тарабынан жасалган укук бузуулар же коррупциялык фактылар тууралуу маалымат берүү үчүн кайрыла алышат. WhatsApp жана Telegram номери: +996 556102502.
“Бардык келген билдирүүлөр милдеттүү түрдө каттоо процедурасынан өтөт. “Ыкчам байланыш” телефонуна чакыруу келип түшкөн учурда нөөмөтчү кылмыш, жорук же окуя жөнүндө билдирүүнүн жагдайларын тактап, сүрөт, видеосун алып аны каттайт жана көйгөйүн андан ары чечүү үчүн жиберет”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, жарандар secretariat@mvd.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылса да болот.
ИИМ бардык келип түшкөн маалыматтар жетекчиликтин көзөмөлүнө алынарын белгилеп, элди ачык-айкын кызматташууга чакырды.
Ошондой эле туура жана так маалымат берген жарандарга сыйлык бар экендиги айтылды.
Радио
Милицияга адам кайсы учурда мажбурлап жеткирилет? Адвокаттын түшүндүрмөсү