БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдады.
Билдирүүгө караганда, турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот, ал 21-мартта башталып 25-мартка чейин уланат. Эл аралык мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналмакчы.
"Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Кореянын мушкерлери катышат. Максаты — бокс боюнча улуттук курама команданын резервине спортчуларды караштыруу, Улуттук бокс федерациясы менен турнирге катыша турган өлкөлөрдүн спорттун бул түрү боюнча уюмдарынын ортосунда байланыш түзүү, достук мамиледе болуу", — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, турнир эркектер арасында 13 салмак категориясында, тактап айтканда, 46 килограмм салмактан баштап 92 килограммга чейинкилер арасында өтөт. Ал эми кыздар 47-51, 57-60 жана 69-75 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашат.