БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Балдар арасында аз кандуулуктун келип чыгышынын төрт себеби бар. Бул тууралуу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Жаңыл Мусапаева Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Дарыгердин айтымында, балдардын организминде темирдин жетишсиздиги төмөнкүдөй учурларда кездешет:
1.
Күнүмдүк тамак-ашта темирдин көлөмүнүн аз болушу;2.
Ашказан, ичеги-карын системасынын иштешинин бузулушу;3.
Өсүү мезгилинде балдардын темирге болгон муктаждыгынын жогорулашы (Өзгөчө ара төрөлгөн балдар салмагынын аз болгонуна карабастан тез өсөт. Ал менен баланын темирге болгон муктаждыгы да жогорулайт);4.
14-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында. Мында кыздардын этек кири башталат. Кээ бир учурда андагы кан жоготуу да аз кандуулукка алып келет. Ал эми эркек балдар бул куракта тамеки тартып, ашказандын иштешин бузуп алышат. Темир жакшы сиңбей, анын жетишсиздиги пайда болот.Мусапаева аз кандуулукту алдын алуу үчүн балдардын тамак-ашында көбүрөөк уйдун эти менен тили, балык, коёндун эти, жумуртка болушу керектигин айтты. Алар сөзсүз түрдө кайнатылган же бууга бышырылган түрдө болушу абзел.
“Дени сак аял дени сак бала төрөйт. Андыктан биринчи кезекте эне өзүнүн ден соолугун карашы керек”, — деди дарыгер.