БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Пентагон америкалык пилотсуз учуучу аппарат менен болгон Кара деңиздин үстүндөгү чатакка тиешелүү деген видеону жарыялаганын РИА Новости жазды.
Россиялык истребитель деп айтылган учак тартылып калган кадрлар согуштук теманы чагылдырган сайтка жарыяланган.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 14-март күнү эртең менен АКШнын MQ-9 пилотсуз учагы өчүрүлгөн транспондерлери менен Кара деңиз акваториясынын аба мейкиндигинин убактылуу пайдалануу режими каралган чек араны бузганын билдирген. Дрон Россия тарапка учкан соң анын чоо-жайын тактоо үчүн асманга истребителдер көтөрүлгөн. Кескин кыймылдан улам дрон башкарылбай сууга кулаган. Аскерий ведомство россиялык истребителдер MQ-9 менен конфликтиге барбаганын, курал колдонбостон кайра аэродромго кайтып келгенин белгиледи.