Кыргызстанда 4 букмекердик контора катталып, 42 млн. сом түштү

Лицензия алган төрт букмекердик конторанын ар бири 10,5 миллион сомдон төлөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда кумар оюндарын уюштуруу менен алектенген төрт букмекердик конторага лицензия берилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Сарбанов парламентте билдирди.
Анын айтымында, төрт букмекердик конторанын ар бири 10,5 миллион сомдон төлөп, жалпысынан республикалык бюджетке 42 миллион сом түшкөн.
Депутат Гуля Кожокулова Салык кодексин өзгөртүү долбоорунда казино ачууда оюн автоматтары 60тан кем болбошу керек деген талап коюлуп жатканын белгиледи. Учурда 30 оюн автоматы менен ачууга уруксат берилерин, мындан улам аларды көбөйтүүгө эмне себеп болгонун сурады.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев көзөмөлдү күчөтүү үчүн ирилештирүү максат болгонун айтты. 100 майда кумар оюн зоналарына караганда эки-үч жайды текшерүү жеңил болорун билдирди.
Бийлик казино иштетем дегендер кандай салык төлөй турганын айтты