БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Францияда пенсияга чыгуунун курагы 62 жаштан 64 жашка чейин узартылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өлкөдө мындай демилге нааразычылык акциялары менен иш таштоолорду жараткан. Өкмөт мыйзамды парламентте добуш берүүгө койбостон кабыл алды, буга регламент жол берет. Бирок депутаттар министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөй коё алат.
Париждеги Улуттук жыйындын имаратынын жанында митинг өттү. Жүздөгөн франциялык пенсия реформасына каршы чыгып, Макрондун отставкасын талап кылды.
Мыйзамда пенсиянын курагын жогорулаткандан сырткары айрым кесиптер үчүн өзгөчө режимдерди алып салуу сунушталган. Реформаны акырындык менен ишке ашыруу пландалууда, биринчи аракеттер ушул жылдын сентябрында башталат.