Депутаттык комиссия Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” канча акчаны негизсиз алганын жарыялады

Бүгүнкү күнгө чейин 642 миллион сому мамлекетке өндүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. “Кумтөрдүн” ишин иликтеген депутаттык комиссия компанияны сырттан башкарып турган Теңиз Бөлтүрүктүн алган сый акылары тууралуу маалымат берди.
“Теңиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп турганда 480,6 миң доллар сый акы катары алган. Иштен бошотулгандан кийин 2022-жылдын февралынан августка чейин дагы “Кумтөр голд компани” ишканасынан 403,1 миң доллар сый акыны негизсиз алган. Ал эми 25,5 миң доллар аванска алган карызын жапкан жок”, — деди комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев.
Ошондой эле ал Башкы прокуратуранын өндүрүшүндө 1 миллиард 146 миллион сом финансылык мыйзам бузуулар боюнча иш каралып жатканын кошумчалады. Анын алкагында төрт кылмыш иши ачылып, 9 адам айыпталууда. Бүгүнкү күнгө чейин 642 миллион сому мамлекетке өндүрүлүп алынган.
Жапаров Бөлтүрүк акчаны толук кайтарса абактан чыгышы мүмкүндүгүн айтты