Салыкчылардын эң төмөнкү айлыгы 30 миң сом. Депутат муну аз деп эсептейт

Эл өкүлүнүн айтымында, кызматкерлер маянанын аздыгынан коррупцияга аралашып кетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков салык инспекторлору канча маяна аларына кызыкты.
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов салыкчылардын эң төмөнкү айылыгы 30 миң сом экенин айтты.
Депутат бул жетишсиз деп эсептейт.

“Ушундан пайдаланып өздөрү коррупцияга аралашып кетпесин. Ошону жакшы караңыздар. Алардын да айлыгын көтөрүш керек”, — деди Кадырбеков.

Учурда парламентте Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.
Дүкөнчү жалгыз иштебесе айып салуу: өкмөт Сурабалдиеванын сунушуна макул болду