АКШ Кара деңизге кулаган дронун Россиянын алып чыгуусун каалабайт

Америкалык учкучсуз аппарат MQ-9 Reaper. Архив
РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы сууга кулаган америкалык учкучсуз учактын калдыктарын алып чыгууга аракет көрүлөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШ Кара деңизге кулаган дронун Россиянын алып чыгуусун каалабайт. Бул тууралуу Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби CNN каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Бул биздин менчигибиз, Россиянын колунда болушун каалабайбыз. Ошол эле учурда, эгер алып чыгып кала турган болушса, күйгүлтүккө түшпөйбүз", — деди Кирби.
Кечээ РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев "Москва. Кремль. Путин" программасында Россия америкалык учкучсуз учакты суу түбүнөн алып чыгууга аракет кылып көрөрүн айткан.
"Колубуздан келеби, билбейм, бирок аракет кылып көрүш керек", — деген Патрушев.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 14-март күнү эртең менен АКШнын MQ-9 учкучсуз учагы өчүрүлгөн транспондерлери менен Кара деңиз акваториясынын аба мейкиндигин убактылуу пайдалануу режими каралган чек араны бузганын билдирген. Дрон Россия тарапка учкан соң анын чоо-жайын тактоо үчүн асманга истребителдер көтөрүлгөн.
Кескин кыймылдан улам дрон башкарылбай сууга кулаган. Аскерий ведомство россиялык истребителдер MQ-9 менен конфликтиге барбаганын, курал колдонбостон кайра аэродромго кайтып келгенин белгиледи.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин
АКШнын коргоо министри учкучсуз учак менен болгон окуядан кийин Россияга кайрылды