Абировдун мушташы кантип башталганы тууралуу видео тарады

Видео ресторанга ГБРдин кызматкерлери келген жерден башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ кантип башталганы тартылып калган видеону 24.kg маалымат агенттиги таратты.
Кадрлар ресторандын ичинен тартылган, ГБР кызматкерлеринин келген жеринен башталат. Үнү жок болгондуктан чыр кандайча башталганы белгисиз.
Эскерте кетсек, өткөн жекшемби күнү депутат Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, депутат соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.
Жаныбек Абиров катышкан мушташ: милиция эки кишини кармады