Кыргызстанда иштеп жаткан күнөсканалардын саны 1300гө жетти

Өлкөдө күнөсканаларды өнүктүрүү үчүн дыйкандарга жети жылдан бери жеңилдетилген насыя берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстан боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1300гө жетти. Алардын ээлеген аянты 173,6 гектар жерди түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Күнөсканалар облустар боюнча төмөнкүдөй санда:
Чүй облусунда 97 даана (68,8 гектар);
Ысык-Көл облусунда 50 даана (2,4 гектар);
Нарын облусу боюнча 34 даана (13,9 гектар);
Талас облусунда 10 даана (1 гектар);
Ош облусу боюнча 346 даана (49 гектар);
Баткен облусу боюнча 161 даана (4,9 гектар);
Жалал-Абад облусу боюнча 602 даана (33,6 гектар).
"Республикада күнөсканаларды өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, 2016-жылдан "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилип келет", — деп билдирди министрлик.
Баткендин Мурасында бадамдын 25 миңдей көчөтү отургузула баштады