Радио

Жасалма кирпик тагуу көрүүнү начарлатабы? Көз дарыгердин жообу

Көз дарыгери Кундуз Бекбоева начар көрүп калбаш үчүн эмнелерди эске алуу керектигин айтты.
Sputnik
Китеп окуп жаткан учурда көз менен китептин аралыгы 30 сантиметрди түзүш керек. Бул тууралуу Кундуз Бекбоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көздүн чарчаганы сезилгенде сөзсүз 10-20 секундага терезени карап, көздү эс алдырып туруу абдан маанилүү.
"Барган сайын дүйнө жүзүндөгү адамдардын көрүүсү начарлап бара жатат. Буга технологиянын өнүккөн заманын шылтоо кылганыбыз менен көрүүнү сактап калуу ар бир адамдын өзүнүн колунда. Болгону жөнөкөй эрежелерди сактоо жетиштүү. Азыркы кезде технологиядан кийин эле көздүн көрүүсүн начарлатып жаткан көйгөй болуп айымдардын жасалма кирпик коштурганы саналат. Ар кандай клейлерди колдонуп көзүнө зыян келтирүүдө. Көз дарыгери катары бардык аялзатын табигыйлыкка чакырып кетким келет. Мындан сырткары, көрүүнүн начарлашына тез татым да себеп болууда. Туура тамактануу бул жерде да абдан маанилүү. Ошондой эле китеп окуп жатканда көз менен китептин аралыгы 30 сантиметр болууга тийиш", — деди дарыгер.
Ал ошондой эле кечке эле бир түстү карай берүү да көздү чарчата турганын кошумчалады.