Кадырбеков: жолдорду оңдоп коюп анан айып пулдарды көбөйтсөк болмок

Эл өкүлү кээде жолдун начардыгынан айдоочулар эреже бузууга мажбур болуп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Бишкек менен Ош шаарларындагы жолдордун тең жарымы эле уңкур-чуңкур болуп калганын билдирди.
Эл өкүлү айып пулдар жогорулатылганын эске салып, бирок жолдун начардыгынан айдоочулар кыйналып жатканын белгиледи.
"Түшүнөм, кырсыктар азайсын, айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлсүн деген маселе болуп жатат. Урматтуу президенттин өкүлү, башкасын билбейм, чоң шаарлар Бишкек менен Ошто жолдордун тең жарымы эле уңкур-чуңкур, айланып өтөм дегенче чектөөчү сызыкты тебелеп алышууда", — деди Кадырбеков.
Ошол эле мезгилде жолдор аябай тар түшүп калганын айтып, бул да эреже бузууга мажбур кыларын билдирди.
"Ташкентти, Алматыны караңыздар, жолдору кеңири, биздики тар. Анан көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар жок болгондуктан трассанын эки тарабына токтотуп коюшат экен. Ал эми маршруткалар токтогондо эки линияны ээлеп алат, андан буйтап өтөйүн десең эле ары жактан кайгуулчулар тосот. Ушуларды чечип туруп анан айып пулдарды көтөрсөк жакшы болот эле", — деди депутат.
Белгилей кетсек, 8-марттан тартып жол эрежелеринин бир нече түрүн бузгандарга салынчу айып пулдар көбөйтүлгөн. Айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу жана кайра экзамен тапшыруу жазасы да бар.
Коррупция болбосун! Жапаров ИИМге жол инспекторлорун катуу көзөмөлдөөнү тапшырды