18-мартта өлкө боюнча ишембилик өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 18-март күнү Кыргызстан боюнча ишембилик өтө турганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлө турган иш-чарага өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышары айтылды.
Аймактарды тазалоого мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери да тартылат.
Баткендин Мурасында бадамдын 25 миңдей көчөтү отургузула баштады