"Бишкек асфальт сервис" шаар көчөлөрүнүн аң-чөнөгүн жамай баштады

Буга чейин Абдрахманов көчөсүнүн Токомбаевден Совет көчөсүнө чейинки тилкеси жана Горькийден Токомбаевге чейинки бөлүгүндө чуңкурлар бүтөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. – Sputnik. "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу, сызыктарды чийүү, жолдорду жамоо жана шаарды көрктөндүрүү боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Учурда Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзовдон Фрунзеге чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жамалып жатканы кабарланды.
"Жол кыймылы коопсуздугу жана шаардын эстетикалык көрүнүшү үчүн Ч.Айтматов проспектисинин Мамлекеттик резиденциядан Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Абдрахманов көчөсүнүн Токомбаевден Совет көчөсүнө чейинки тилкеси жана Горькийден Токомбаевге чейинки бөлүгүндө чуңкурлар бүтөлгөн.
Айдоочу, көңүл буруңуз! Бишкек менен Чүйдө көчмө камералар иштей баштайт