Аскердик кызмат жана келишимдин мөөнөтүн узартуу демилгеси биринчи окуудан өттү

Дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Парламентте аскердик кызмат өтөөнү 12ден 14 айга жана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берилет.
"Жаңы чакырылган аскерлер тийиштүү деңгээлде даярдыгы жок туруп кээ бир кызматтык тапшырмаларды аткарууга тартылып жатышат. Жаратылыш жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга мурдагы чакырылыштагы аскер кызматкерлери катышат. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга, мисалы, Улуттук гвардиянын өздүк курамы, башка өлкөнүн президенттери келгенде жаңылар даяр болбогонуна байланыштуу эски чакырылыштагы аскерлерди тартабыз. Күжүрмөн кызматка даярдоого 25 күн, кошумча күжүрмөн кызматын даярдоо жана кызматка киргизүүгө 15 күн кетет", — деди Карасартов.
Мындан сырткары, дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.
"Учурда аскердик окуу жайды бүтүп келгенден кийин беш жылга келишим түзүлөт. Андан кийин ыктыярдуу түрдө үч жылга улантса болот. Бизге керектүү адистер ошол келишимин узартпай туруп кетип калган учурлар болуп жатат. Ошого байланыштуу 10 жылга милдеттүү түрдө келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Жаш кадрлар бизде токтобой кетип калууда", — деди коргоо министринин орун басары.
Талкуу учурунда Талант Мамытов аскерлердин шартын жакшыртып, социалдык маселелерин чечип берсе эле узак мөөнөт кызмат кылам деген адамдар көп экенин айтты.
Бишкек мэрин эл шайласын. Мыйзам долбоорун ЖКнын тармактык комитети колдоду