Абировдун мушташкан окуясын кайсы депутаттар иликтейт? Комиссиянын курамы

Комиссиянын курамына ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден эл өкүлү кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Парламентте депутат Жаныбек Абировдун мушташкан окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Анын жыйынтыгы менен кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат. Аягында көпчүлүк добуш менен чечилет.
Спикер Нурланбек Шакиев комиссиянын мүчөлөрүн адилет, калыс акыйкат иш алып барууга чакырды.
Комиссиянын курамына ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден депутат кирди:
Замирбек Мамасадыков — "Ыйман нуру";
Дастан Бекешев — бир мандаттуу депутаттар;
Айгүл Айдарова — "Бүтүн Кыргызстан"
Бахридин Шабазов — "Ишеним"
Медер Саккараев — "Ата-Журт Кыргызстан";
Жусупбек Коргонбай уулу — "Мекенчил";
Фархат Алимжанов — "Альянс"
Мурадил Сыдыков — "Ынтымак";
Бакытбек Чойбеков — "Элдик".
Эске салсак, 12-мартта ЖК депутаты Жаныбек Абировдун мушташка аралашып, бир адамды сабап жаткан видеосу тараган.
Жабырлануучу ресторанга чакырык менен жетип барган ыкчам аракетке келүүчү топтун кызматкери болгону айтылган.
Ал арада президент Садыр Жапаров ИИМге окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Кийин кылмышка шектүү эки киши кармалган.
Өз кезегинде Жаныбек Абиров социалдык тармак аркылуу үн катып, жабырлануучудан, жакындарынан жана жалпы кыргыз элинен кечирим сураган.
Абиров катышкан мушташ: депутат Алимжанов досунун жоругу үчүн кечирим сурады