Айыпкер катары каралууда. ЖКда Абировдун мушташын иликтеген комиссия түзүлөт

Прокуратуранын маалыматы боюнча, кылмыштын фабуласында алты-жети адам айыпталган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Парламент депутаты Жаныбек Абировдун мушташкан окуясын иликтөө үчүн комиссия түзө турган болду.
Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Башкы прокуратуранын депутатты жоопко тартууга макулдук берүү сунушун карады.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева Абировдун кылмыш ишине айыптуу экени аныкталгандыгына байланыштуу жоопко тартууга сунуш киргизилгенин билдирди.
"Кылмыштын фабуласында алты-жети адам айыпталган экен. Анын баары тергөөнүн жыйынтыгында аныкталат. Мушташка катышкан эки адам кармалган. Ал эми депутатка байланыштуу материал өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү", — деди Коңкобаева.
Ошондой эле ал тараптардын элдешүүсү тууралуу маалыматы жоктугун кошумчалады.
Белгилей кетсек, регламент боюнча тармактык комитет жалпы жыйында комиссия түзүүнү сунуштап, курамын бекитет. Алар ишти иликтеп чыгып жоопко тартууга макулдук берүү же бербөө корутундусун чыгарат. Аягында добуш берүү менен чечилет.
Эске салсак, 12-мартта ЖК депутаты Жаныбек Абировдун мушташка аралашып, бир адамды сабап жаткан видеосу тараган.
Жабырлануучу ресторанга чакырык менен жетип барган ыкчам аракетке келүүчү топтун кызматкери болгон.
Ал арада президент Садыр Жапаров ИИМге окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Кийин кылмышка шектүү эки киши кармалган.
Өз кезегинде Жаныбек Абиров соцтармак аркылуу үн катып, жабырлануучудан, жакындарынан жана жалпы кыргыз элинен кечирим сурады.
Абиров катышкан мушташ: депутат Алимжанов досунун жоругу үчүн кечирим сурады