Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болду

Иманалиев УТРКнын башкы директору болуп 9 ай иштеп, жакында эле бошотулган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аны эмгек жамаатка өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.
Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору болуп 9 ай иштеп, жакында эле бошотулган болчу. Анын алдында маданият министри кызматын аркалаган.
Элдар Алишеров ЕЭК министри Максат Мамыткановдун ордуна дайындалды